06.09.2018 14:54

Кыргызстанга Россиядан тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер келиши ыктымал

Кыргызстанга Россиядан тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер келиши ыктымал

Кыргызстанга Россиядан тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер келет. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти. 

«Биз Россиянын Билим берүү министрлиги тарабынан тажрыйба алмашуу боюнча сунуш алганбыз. Ал жактын окутуучулары бизге 1 жылдык мөөнөткө келишет. Максаты - сабак өткөндөн тышкары ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп, мугалимдерге усулдук тажрыйбасынан бөлүшүү.  Россия тарап бизге тажрыйбасы мол, өз билгенин башкаларга да үйрөтө ала турган мугалимдерди жибергени жатат. Биз азыр бул сунушту карап, жер-жерлердеги билим берүүнүн өкүлдөрү, педагогдор менен талкуулап жатабыз. Азырынча бир чечим кабыл ала элекпиз. Россия да бизди шаштырган жок. Бул маселе боюнча чечим чыккандан кийин баары белгилүү болот», - деп айтылат маалыматта.